
Страна: Кыргызстан
Меня зовут Чолпон и мне 29 лет. Я родилась в Кыргызстане в простой рабочей семье. Мое детство было беззаботным и я помню, что у меня было много свободного времени. После окончания 11-летней школы я получила стипендию на обучение за границей в Стамбуле в Турции. Несмотря на то, что я изучала международный бизнес, в студенческие годы я старалась брать как можно больше интересных проектов и курсов для всестороннего развития. Я начала изучать немецкий язык, посещала уроки изобразительного искусства и смотрела фильмы в местном кинотеатре при университете, в основном фильмы режиссёра Альфреда Хичкока, таким образом ознакомляясь с классикой кино. Я начала переводить книги на кыргызский язык в 2016 году. Сначала это было просто хобби, но позже стало серьезным занятием. Для кого-то процесс перевода может быть утомительным и скучным, но для меня это возможность вырасти, погрузиться в мир загадок и приключений, а также принести свой вклад в литературу.
Country: Kyrgyzstan
My name is Cholpon and I am 29 years old. I was born in Kyrgyzstan in a working-class family. My childhood was carefree and I remember that I had a lot of free time. After graduating from school, I received a scholarship to study abroad in Istanbul, Turkey. Despite the fact that I studied international business, in my student years I tried to take on as many interesting projects and courses as possible for comprehensive development. I started learning German, took fine art classes and watched films at the local cinema at the university, mostly films directed by Alfred Hitchcock, thus getting acquainted with the classics of cinema. I started translating books into Kyrgyz in 2016. At first it was just a hobby, but later it became a serious occupation. For some, the translation process can be tedious and boring, but for me it is an opportunity to grow, immerse myself in the world of mysteries and adventures, and also make my own contribution to literature.
Отрывок из перевода книги Джоан Роулинг “Гарри Поттер жана Мүрөк Ташы”
АЖАЛДАН КАЛГАН БАЛА
Бадалдуу көчөсүндөгү төртүнчү номурлуу үйдө жашаган миссис жана мистер Дурсль өздөрүн эң ардактуу адамдар катары эсептегени менен сыймыктанып жүрүшчү. Кадимки турмуш тиричилиги менен алек болуп, кызык же сырдуу окуяларга катыша көрбөйлү деп тынч жашашчу, анткени андай дайыны жок иштерге иштен качкан жалкоо адамдар гана кийгилишет деп ойлошчу.
Мистер Дурсль бургуларды чыгарган «Граннингс» аттуу ишканасын жетектечү. Аюудай күрсүйгөн, мойну кыска, калың мурутчан адам эле. Аялы миссис Дурсль тескеринче арык, ак жуумал, башкаларга караганда эки эсе узунураак мойну бар, бакчасында иштеп жүргөндө башын сунуп тосмонун ар жагындагы кошуналарын аңдыганды жакшы көрчү. Дурслдарда атын Дадли деп коюшкан жаңы төрөлгөн баласы бар эле, дүйнө жүзүндө андан таалайлуу бала жок деп ойлошчу.
Дурслдарда бардыгы жетишкени менен кайгылуу бир сырлары да бар эле, анан ошол сырды бирөө билип калбасын деп аябай коркушчу. Эгерде Поттерлер жөнүндө башкалар билип табышса, анын уятына чыдашмак эмес. Миссис Поттер миссис Дурслдын сиңдиси болсо да, экөө бири-бири менен көп жылдан бери сүйлөшпөй калып, чындыгын айтканда, миссис Дурсль анда бир тууган сиңдиси такыр жок болгонсуп жашап жүрчү, адегенде сиңдисинин жана анын кызык күйөөсүнүн жашаган турмушу Дурслдардыкына такыр окшош эмес эле. Поттерлер конокко келишсе, кошуналар эмне дешет деп ойлоп шаймандары кетип ыңгайсыз болуп кетишчү. Дурслдар Поттерлердин да жаңы төрөлгөн баласы бар экенин билип, аны эч качан көрүшкөн эмес. Ал бала Дадлиге оң таасир тийгизбейт деген пикирлери Поттер үй-бүлөсүнөн алыста карманыш үчүн кошумча себеп болчу.
Окуя мистер жана миссис Дурсль шейшемби күнү эртең менен ойгонгондо башталды. Ошол күнү асманды булут басып, жакында бүт өлкөдө кызыктай, табышмактуу окуялар болорун эч ким күткөн эмес. Мистер Дурсль көңүлү ачык, кобурап ырдап, жумушка барарына даярданып галстугун тагып жатты. Аңгыча миссис Дурсль кыңылдаган Дадлини сооротуп, аны эптеп олтургучуна олтургузуп, күйөөсүнө эң акыркы ушактарды айтып берип жатты.
Терезенин ар жагынан чоң мыкый үкүсү учуп өткөнүн экөөнүн бирөөсү да байкабады.
Саат сегиз жарымда мистер Дурсль портфелин алып, миссис Дурслды бетинен өөп коштошту, Дадлини да өбөйүн дегенде, ал ыйлактап жактырбай, боткосун каңтарып төгүп ыргытып баштады.
– Тентегим десе, – деп, мистер Дурсль үйүнөн чыкты. Унаасына олтуруп, төртүнчү номурлуу үйдүн короосунан айдап чыкты.
Көчө бурулушуна жеткенде тегерек четте кызыктай бир нерселер болуп жатканын алгачкы белгисин байкады – жер картасын окуган мышык туруптур. Мистер Дурсль биринчиден эмне көргөнүн түшүнбөй, өтүп баратып токтоп, кайра караш үчүн башын бурду. Бадалдуу көчөнүн бурчунда жол боюнда чаарала мышык туруптур, бирок жанында жер картасы жок.
– Көзгө ушундайлар да көрүнөбү? – деп таң калды мистер Дурсль. – Фонарь жарыгынын көлөкөсүнөн болсо керек?
Мистер Дурсль көзүн ирмеп, колу менен ушалап, мышыкты карады. Мышык да аны тиктеп карап турду. Мистер Дурсль унаасын айдап, аркада калган мышыкты дагы деле күзгүсүнөн карап текшерди. Мышык азыр жол боюндагы «Бадалдуу көчөсү» деп жазылган тактачаны окуп жатыптыр.
– Мышыктар окубайт, жер карталарын колдонбойт, жөн эле карап турат, – деп, мистер Дурсль башын силкип, мышыкты оюнан чыгарып, шаарды көздөй жолун улантты. Бүгүн аябай маанилүү иши бар, чоң бургу заказын алмак.
Шаарга аз калганда, бургулар жөнүндө ойлонуп келатып башка нерсени көрүп алаксыды. Кадимки жол тыгынында олтуруп күткүчө, жол бойлоп кызыктай кийинип жүргөн адамдарды байкады. Мантия кийген адамдар экен. Мистер Дурсль өзү кызык кийинген кишилерди түшүнчү эмес, ушинтип обу жоктонуп жаш-паштар эле кийинет! Жаңы чыккан келесоо модасы болсо керек деп ойлоду. Рулду кармап тыкылдатып, көзү ошол турган кызык адамдардын тобуна токтоп тигиле карады. Чогулуп, өздөрүнчө шыбырашып жатышты. Мистер Дурсль алардын арасында улгайган адамдар бар экенин көрүп ого бетер жини келди; ошолордун бирөөсү өзүнөн улуу көрүнүп, коюу жашыл түстүү узун мантиясын кийип алыптыр! Кылганын кара! Бирок мистер Дурсль эми түшүндү, бул деген элдин көңүлүн буруш үчүн атайын иш чара болсо керек… Ооба, сөзсүз ошондой, булар кайрымдуулук үчүн акча чогултуп жүрүшкөн тура. Тыгын бүтүп, унаалар жылып баштап, бир нече мүнөттөн кийин мистер Дурсль «Граннингс» автопаркына жетти. Ойлорунун баары бургуларына бурулду.
Мистер Дурсль ишканасында тогузунчу кабатта терезеге дайым аркасы менен олтурчу. Эгер антип олтурбаса, эртең менен бургуларына көңүл буруп иштегени кыйыныраак болмок экен. Өзү күндүз учкан үкүлөрдү байкабай калды, бирок көчөдөгү адамдар үкүлөр жыбырап учканын көрүп, колдору менен көрсөтүп таң калып жүрүштү. Негизи адамдардын көбү үкүлөрдү түнүчүндө учканын да көргөн эмес. Бирок мистер Дурсль куштар менен иши жок, эртең мененки милдеттери менен алек болуп олтурду. Беш жумушчусун урушуп, сөгүш жарыялады. Анан эки-үч жолу маанилүү иш боюнча телефон чалып дагы уруша кетти. Түштө дем алайын деп, дүкөндөн өзүнө нан алганы чыгарда маанайы сонун эле.
Мантия кийген адамдар жөнүндө унутуп калган, бирок дүкөн тараптан аларды кайра көрүп калды. Өтүп баратып аларды жактырбай карады. Эмнегедир өзүн ыңгайсыз сезди. Бул адамдар да бири-бири менен быдылдап шыбырашып турушту, бирок кайрымдуулук акчасын чогулткан кесеси көрүнбөйт. Сатып алган нан баштыкчасын колуна кармап, алардын жанынан кайра өтүп баратканда, кокустан эмне дегендерин угуп калды:
– Поттерлер, туура, ошентип уктук…
– Ооба, алардын баласы, Гарри…
Мистер Дурсль бараткан жеринде тык токтоду. Денесин коркунуч басты. Шыбырашкан адамдарга бир нерсе айтчудай кайрылды, бирок эч нерсе айта албай, андан көрө башка нерсени кылайын деп чечти.
Жолдон шашылып өтүп ишканасына жетти. Катчысына мага эч ким кирбей турсун деп, телефонду алып үйүнө чалайын деп, токтоп калды. Кызыктуу ой келип, телефонду кайра ордуна койду. Мурутун сыйпап ойлонду… бул менин ар кайсы ойдон акылым адашып баратабы. Поттер деген ушунчалык өзгөчө ат эмес. Өлкөдө Гарри же Поттер деген далай адам болсо керек. Чындыгын айтканда, бөлөсүнүн аты Гарри болчу беле, билбейт. Баланы такыр көргөн эмес. Аты Гарви же Гарольд болушу да мүмкүн. Миссис Дурслды капа кылгандын кажети жок, сиңдиси жөнүндө уккан сайын маанайы бузулчу. Бирок мистер Дурсль аялын күнөөлөгөн эмес – өзүнүн карындашы ошондой болсочу… Бирок мантия кийген адамдар чын эле эмне үчүн чогулушуптур…
Түштөн кийин кыйналып бургуларына көңүл бура албады. Саат беште иши бүтүп, имараттан чыгып, ушунчалык толкунданганы үчүн, баратып бирөөнү байкабай сүзүп алды.
– Кечирип коюңуз, – деди чалынып жыгыла жаздаган арыкчырай абышкага. Мистер Дурсль бир нече саам өткөндөн кийин гана, ал адам кызгылт көк мантия кийип жүргөнүн байкады. Адам түртүлүп аз жерден жерге кулаары үчүн такыр капаланбады. Тескерисинче, жүзүн сүйүнүч чайып, көздөрү күлүңдөп, өткөн кишилерди таң калтырып, ичке үнү менен:
– Кечирим сурабай эле коюңуз, кымбаттуу сэр, бүгүн маанайымды эч нерсе бузбайт! Кубаналык, Аты Айтылбас Кишини акыры жеңдик! Сиздей болгон маглдар да мындай өзгөчө күндү майрамдаш керек! – деди.
Абышка ыраазычылыгын билдирип мистер Дурслды белинен кучактап кетип калды.
Мистер Дурсль жерге чапталгандай туруп калды. Такыр тааныбаган бирөө аны кучактады. Аз болгонсуп, өзүн «магл» деп атады окшойт. Ал сөздүн мааниси эмне экенин билбей коркуп калчылдап кетти. Батыраак унаасына олтуруп үйүнө жөнөдү. Жолдо айдап баратканда бүгүнкү күндүн окуяларын балким эсимен чыгарып жатам го деп үмүттөндү. Мистер Дурсль буга чейин андай үмүтү пайда болгон эмес, анткени болбогон жөө-жомокторду ойдон чыгаруу жакшылык алып келбейт деп ойлойчу.
Бадалдуу көчөсүнө бурулуп, өз үйүн көздөй айдап келатканда, бүгүн эртең менен көргөн чаарала түстүү мышыкты байкап маанайы ого бетер чөктү. Мистер Дурсль ошол мышык экенин билди, көздөрүнүн тегерегиндеги тактарынан тааныды. Азыр мышык короону курчаган таш тосмого олтуруп алыптыр.
– Пырс! – деп кууду мистер Дурсль. Мышык кыймылдабады. Мистер Дурслга тоотпой тиктеп карады. Мышыктар ушундай да болобу деп мистер Дурсль таң калды. Өзүн эптеп колго алып үйүнө кирди. Аялына дагы деле эч нерсе айтпай эле коёюн деп чечти.
Миссис Дурсль бүгүн кадимки күнүмдүк турмуш тиричилиги менен алек болуп жүрүптүр. Кечки тамак ичер маалында кошунасы кызы менен айтыша кеткени тууралуу, баласы Дадли бүгүн жаңы «кылбайм» деген сөздү үйрөнгөнү жөнүндө айтып берди. Мистер Дурсль шек билдирбей олтурду. Дадли уктап калгандан кийин аны керебетине жаткырып, чоң бөлмөгө кирип келип, кечки жаңылыктардын соңку бөлүмүн укканга жетишип калды.
– Бүт өлкөдөгү куш адистери бүгүн үкүлөр кызыктай жүргөндүгүн билдиришти. Негизи үкүлөр түнкүсүн гана аң уулоого чыгып, күндүз такыр көрүнбөйт. Бирок бүгүн Күн чыккандан бери жүзгө жакын адам бул куштар ар тарапка учуп жүргөнүн көргөндөрүн айтышты. Адистер үкүлөр эмне үчүн кокустан уйку маалын алмаштырганы боюнча маалымат бере алышпады. – Алып баруучу кичине күлүп улантты. – Кызык экен. Азыр анда, Джим МакГаффин аба ырайы жөнүндө айтып берет. Түн ичинде дагы үкү жамгыры болор бекен, Джим?
– Кандайча айтсам сага, Тед, – деди аба ырайын алып баруучусу, – анысын так айта албайм, бирок бүгүн үкүлөр гана кызыктай болушкан жок. Кент, Йоркшир жана Данди деген алыс жерлерден көрүүчүлөр кечээ күтүлгөн жамгырдын ордуна учкан жылдыз жамгырын көрдүк деп кабарлап чалып жатышты! Же болбосо адамдар фейерверк атып эмитен эле майрамдайбыз дегенби… Майрамга дагы эки жума бар, эл журт! Бирок бүгүн сөзсүз жамгырлуу түн болору күтүлөт.
Мистер Дурсль олпок олтургучунда катыгандай олтуруп калды. Британия бою учкан жылдыз жамгырларыбы? Күндүз учкан үкүлөрбү? Анан бүт жерде мантия кийген кызык адамдар. Тиги Поттерлер жөнүндө шыбырашуулар…
Миссис Дурсль чоң бөлмөгө эки чыны чай алып келди. Туура болбой калды. Аялына булардын бирин айтпаса болбойт. Үнүн оңдоп сөзүн баштады:
– Петунья, кымбатым… тиги… жакында сиңдиң жөнүндө уктуң беле?
Миссис Дурсль муну укканда таң калды, анан кыжыры келди. Башка түрдө жооп бергени күтүлбөйт, анткени сиңдисин эстегиси келбей, андан кабар албай жашап жүрчү.
– Жок, – деп жооп берди нааразы. – Эмне үчүн сурадың?
– Жаңылыктарда кызык окуялар болуп жатат, – деп күбүрөдү мистер Дурсль. – Үкүлөр… учкан жылдыздар… бүгүн шаарда кызыктай көрүнгөн кишилер жүрдү…
– Анан? – деп миссис Дурсль сөзүн бөлдү.
– Эме… жөн эле ойлогом… булар… тиги… анын элине тиешелүү болсочу деп…
Миссис Дурсль эч нерсе дебей чайын ууртап койду. Мистер Дурсль бүгүн бирөө «Поттер» дегенин да уктум деп айтсам бекен деп ойлонуп, айтпайын деп чечти. Анын ордуна, тынчы кеткенин эптеп билгизбей, башка суроосун берди:
– Алардын баласы… Дадли менен тең болсо керек, э?
– Ошондой го, – деди миссис Дурсль кыскача.
– Аты ким эле? Говард беле?
– Гарри. Жөнөкөй, болбогон ат, менин оюмча.
– Ии, ооба, – деди мистер Дурсль, жүрөгү лакылдап. – Туура айтасың.
Укташ үчүн экинчи кабатка барышканда, бул талкууга башка сөз кошкон жок. Миссис Дурсль мончодон чайканып чыкканча, мистер Дурсль терезенин жанына барып, ылдый жактагы бакчага көз салды. Мышык эч жакка жылбай баягы эле жеринде экен. Бир нерсени күткөнү айкын, Бадалдуу көчөсүндө болгон окуяларды тыңшап олтургансыды.
Муну элестетип жаттыбы же? Буларга Поттерлердин тиешеси барбы? Эгер… эгер башкалар алардын андай туугандары бар экендерин билип калышса… кыскасы, анын уятын көтөрө алышпайт.
Дурслдар жарыкты өчүрүп, жатышты. Миссис Дурсль бат эле уктап калып, мистер Дурсль бүгүнкү окуялар тууралуу кайра ой жүгүртүп, көздөрү ачык жатты. Мунун бардыгына Поттерлер тиешелүү болушса да, баары бир үйүнө келишпейт деп ойлоду. Поттерлер Дурслдар аларды жактырбагандарын мурунтан билишчү. Тегерек четте кызык окуялар болсо боло берсин, Петунья менен өзү аларга эч качан аралашпайт деп чечти. Тынчып калып, уйкулуу оозун ачып эстеп, башка жагына оодарылып, уктап калды. Анын үй-бүлөсүнө булардын эч кандай таасири тийбейт…
Мистер Дурсль катуу жаңылыптыр.
(2 оценок, среднее: 5,00 из 5)
Загрузка…